20-июль күнү Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жарандарды жеке кабыл алып, алардын кайрылууларын жана көйгөйлөрүн укту.
Кабыл алууга келген шаар тургундары социалдык жарда, жол, жер маселелери, таза суу, көчөлөрдү оңдоо жана башка турмуштук көйгөйлөр боюнча сунуш-пикирлерин жана кайрылууларын билдиришти.
Шаар башчысы ар бир кайрылууну угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы жеке көзөмөлүндө болорун белгиледи.
Жарандардын көйгөйлөрүн мыйзам чегинде чечүү жана шаар тургундары менен тыгыз байланышта иш алып баруу багытындагы иштер мындан ары да улантат.