Мэр Нургазы Асылбеков парламенттик шайлоого карата Талас шаарында ачыла турган шайлоо участкаларына барып, даярдыктарды көзөмөлгө алды.
Текшерүүгө тийиштүү кызматкерлер катышып, шаардагы мектептерге, А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектеби жана Талас медициналык колледжи ж.б объектилерди кыдырып , текшеришти.
Шаар башчысы Нургазы Асылбеков шайлоо күнү коопсуздук, жылуулук, электр энергиясы жана сапаттуу интернет боюнча бардык талаптардын толук аткарылышын камсыздоо үчүн тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.