Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын акыркы мезгилде аткарган иштерин жеринен көрүп, алардын абалы менен таанышты.
Мэр ишкананын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча жасалган аракеттерге, анын ичинде жаңы суу түтүктөрүн орнотуу, дарбазаларды коюу жана башка иштерге өзгөчө көңүл бурду.
“Таза Суу” муниципалдык ишканасы шаар тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында бир катар жаңылоо иштерин жүргүздү.
Ошондой эле, аткарылган иштердин сапатына баа берип, ишкананын кызматкерлерине мындан ары да өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасоону жана шаардыктарга жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүнү улантууну тапшырды.
Бул иш сапарынын жүрүшүндө, ишкананын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуп, алардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу жана келечектеги пландар тууралуу талкуу өткөрдү.