Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри тургундар менен жолугушуу өткөрдү

28.05.2025  18:30     Кароолор (15)

2025-жылдын 28-май күнү Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Мадиев, Осмонкулов, Горький жана Бердике Баатыр көчөлөрүн кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуу маалында шаар тургундары тротуарлардын начар абалы, сугат суусунун жетишсиздиги жана лотоктордун орнотуу иштерине байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Мэр Байышбек Астанакулов жарандардын ар бир суроосуна жооп берип, маселелерди чечүү багытында тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилерин билдирди. Ал тургундардын пикирлери шаарды өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгилеп, мындай жолугушуулар мындан ары да улантыларын кошумчалады.

Жергиликтүү бийлик тургундар менен тыгыз байланышта иш алып барууну улантып, көтөрүлгөн маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө аракет көрөрүн баса белгилейт.