Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри тургундар өтүнгөн маселелерди көзөмөлгө алды

09.06.2025  10:00     Кароолор (7)

Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов облус борборундагы социалдык маселелер менен жеринен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Калаа башчысы И.Сарыгулов көчөсүнүн №31а дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн тургундары менен жолукту. Байышбек Астанакулов тургундардын батирлердин короосуна кире турган жолду оңдоо өтүнүчүн угуп, маселени жөнгө салуу боюнча жооптуу кызматтарга тапшырма берди.

Ошондой эле А. Оторбаев көчөсүндө жүрүп жаткан тротуар куруу иштерине көзөмөл жасап , иштин сапатына жана мөөнөтүнө көңүл бурууну талап кылды.

Мындан тышкары Мырзалиев көчөсүндө жашоочулар көтөргөн канализация маселесин да жеринде карап, көйгөйдү чечүү боюнча тийиштүү мекемелерге тапшырма берди.

Ошондой эле шаар башчысы Сыдыгалиев көчөсүндөгү лотокторду орнотуу иштери менен да таанышып, алардын сапатын көзөмөлдөп, курулушчуларга ишти өз убагында бүтүрүүнү милдеттендирди.