Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри тургундардын көйгөйлөрүн укту

06.10.2026  15:22     Кароолор (34)

Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жарандарды жеке кабыл алды. Шаар тургундары Нуржанов аллеясындагы бутиктерди ижарага берүү, Сүйүнбай Эралиевдин эстелигин орнотуу, мыйзамсыз курулуштар,  жер маселеси жана таза суу киргизүү боюнча кайрылышты.

Шаар башчысы Нургазы Асылбеков ар бир кайрылууну угуп, тиешелүү жетекчилерге маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди.