Бүгүн,Талас шаарындагы №8 орто мектебинде Талас облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган калк менен жолугушуу өттү. Иш-чарага шаар башчысы Нургазы Асылбеков жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Маратбек Шайбеков катышып, тургундардын көйгөйлөрүн угушту.
Жолугушууда шаар мэри Нургазы Асылбеков «Жаштык» конушунда пландалып жаткан инфраструктуралык жана социалдык объекттердин курулушуна токтолду. Тургундар тарабынан таза суу менен камсыздоо, ички жолдорду асфальттоо, тротуарларды куруу жана жаңы спорт залын салуу маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле №8 орто мектептин имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу, аны капиталдык оңдоодон өткөрүү же жаңы имарат куруу зарылдыгы белгиленди. Ар бир маселе тиешелүү кызматтар тарабынан каралып, этап-этабы менен чечиле турганын билдирди. Аларды чечүү боюнча тиешелүү муниципалдык кызматтарга жана ички иштер органдарына конкреттүү тапшырмалар берилди.
Талас шаардык мэриясы калк менен ачык диалог жүргүзүү ишин мындан ары да улантып, шаарды өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду системалуу түрдө ишке ашырууну көздөйт.