Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри жарандарды кабыл алды

16.12.2025  16:17     Кароолор (21)

Бүгүн Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жарандарды жеке кабыл алды. Кабыл алуунун жүрүшүндө шаар тургундары тарабынан социалдык, коммуналдык жана инфраструктуралык мүнөздөгү маселелер көтөрүлдү.

Мэр жарандардын кайрылууларын угуп, берилген суроолор боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берди. Ар бир кайрылуу тиешелүү тармактарга кароого жана аткарууга тапшырма катары берилип, жеке көзөмөлгө алынды.

Мындан тышкары, жарандар мэриянын кабылдама бөлүмүндө жайгаштырылган QR-код аркылуу өз арыз-кайрылууларын жана сунуштарын электрондук форматта калтыра алышат. Бул ыкма кайрылууларды ыкчам, ачык жана натыйжалуу кароого шарт түзөт.

Эл менен түз байланыш — шаарды өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири болуп саналат.