Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри жарандарды кабыл алды

25.05.2026  15:41     Кароолор (3)

Бүгүн, 25-май күнү, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.

Кабыл алууда тургундар тарабынан ар түрдүү көйгөйлөр жана сунуштар жана башка шаарга тиешелүү маселелер көтөрүлдү.

Ар бир кайрылуу угулуп, тиешелүү кызмат жетекчилерине маселелерди жеринен карап, мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, жарандарды жеке кабыл алуу ар аптанын дүйшөмбү күндөрү өткөрүлөт.