Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Кабыл алуу учурунда шаар тургундары ипотекалык турак жай, социалдык жана жер маселелери боюнча кайрылышты.
Шаар башчысы ар бир жарандын кайрылуусун угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүздү.