Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНЫН МЭРИ ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛЫП, “КЫЗЫЛ СЫЗЫК” БОЮНЧА МАСЕЛЕНИ ЖЕРИНДЕ КАРАДЫ

11.05.2026  18:10     Кароолор (1)

2026-жылдын 11-майында Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков шаар тургундарын жеке маселелери боюнча кабыл алды.

Кабыл алууда жарандар социалдык муктаждыктар, турак жай жана шаардык инфраструктурага байланышкан маселелерди көтөрүштү.

Анын ичинде Турдалиев көчөсүнүн тургундары “кызыл сызык” боюнча кайрылып, жолдорду иретке келтирүү иштерине байланыштуу айрым курулуштарды жылдыруу эскертүүлөрү боюнча маселени кайрадан карап чыгууну өтүнүштү.

Мэр Нургазы Асылбеков маселени жеринен көрүү максатында тиешелүү кызматтар менен бирге Турдалиев көчөсүнө барды. Жеринде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Талас филиалынын өкүлдөрү, шаардык архитектуранын адистери жана “Түндүк электр” ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Текшерүү учурунда ар бир үйдүн документтери, жер тилкелеринин чек аралары жана картадагы маалыматтар салыштырылды. Ошондой эле электр мамыларынын жайгашуусу жана жолдун кеңдиги боюнча жагдайлар каралды.

Нургазы Асылбеков, Талас шаарынын мэри:

“Биздин негизги максатыбыз — элди кыйнабай, шаарды иретке келтирүү. Жолдорду кеңейтүү, тротуарларды салуу — баарыбыз үчүн маанилүү. Ошол эле учурда ар бир жарандын мыйзамдуу укугу сакталууга тийиш. Ошондуктан ар бир үйдүн жагдайын өзүнчө карап, адистер менен биргеликте так чечим кабыл алабыз”, — деди.

Жыйынтыгында мэр тиешелүү кызматтарга документтерди дыкат текшерип, “кызыл сызык” боюнча так чечимдерди мыйзам чегинде чыгарууну тапшырды.

Жарандарды кабыл алууда көтөрүлгөн башка маселелер боюнча да тиешелүү бөлүмдөргө тапшырмалар берилди.