Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри жарандарды кабыл алып, маселелерин укту

28.09.2026  10:02     Кароолор (29)

Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жарандарды жеке кабыл алды. Шаар тургундары Нуржанов аллеясындагы жана “Баластан” оюн-зоок борборундагы бутиктерди ижарага алуу, автобекеттин айланасын жарыктандыруу, ошондой эле базардын айланасындагы соода-сатык маселелери боюнча кайрылышты.

Шаар башчысы Нургазы Асылбеков ар бир кайрылууну угуп, тиешелүү жетекчилерге маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, Талас шаарынын мэри аптанын ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин шаар тургундарын жеке кабыл алат.