Бүгүн шаар мэри Нургазы Асылбеков тургундарды жеке кабыл алып, алардын арыз-даттанууларын жана сунуштарын укту.
Кабыл алуу учурунда социалдык колдоо, инфраструктура, абаттоо жана жер маселелерине байланышкан бир катар кайрылуулар каралды. Алардын ичинде көп балалуу үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүү, аксакалдар коомунун кеңсе куруу үчүн жер тилкесин бөлүү, Баатырлар паркындагы аянтчаны оңдоо жана “снос” аймагындагы жерлер үчүн компенсация төлөө тартиби боюнча суроолор көтөрүлдү.
Шаар башчысы ар бир кайрылууну көңүл буруу менен угуп, тиешелүү кызматтарга маселелерди мыйзам чегинде ыкчам чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Бардык кайрылуулар жеке көзөмөлүндө болору белгиленди.
Эскерте кетсек, жарандарды жеке кабыл алуу ар аптанын дүйшөмбү күндөрү өткөрүлөт.