Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНЫН МЭРИ ЖАРАНДАРДЫ ЖЕКЕ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КАБЫЛ АЛДЫ

10.09.2024  17:08     Кароолор (14)

Бүгүн, 10-сентябрда, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берди. Жарандар негизинен кышка карата көмүр менен камсыздоо, ишкерлерди колдоо, жер маселелери жана башка чечилбей жаткан маселелер тууралуу кайрылышты.

Мэр Байышбек Астанакулов ар бир маселе боюнча тиешелүү чечүү жолдорун сунуштап, жакын арада зарыл чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Эске салсак, мэр ар шейшемби күнү саат 9:00дөн 12:00гө чейин жарандарды кабыл алат.