Бүгүн, Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев шаар аймагандагы көчөлөрдү кыдырып, тургундар менен жолугушууларды өткөрдү.
Алгач, Шеркулов менен Мира көчөсүнүн кесилишиндеги жолугушууда канализация жана ирригация маселелери талкууланып, көтөрүлгөн суроолор боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Ошондой эле, Шамбетов көчөсүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрүлүп, тургундарга “кызыл сызыкка” байланышкан маселелер боюнча так маалыматтар берилип, кенен тааныштырылды.
Иш-чарага тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү да катышып, ар бир багыт боюнча жооптуу адистер тарабынан түшүндүрмөлөр берилди.
Эске салсак, быйыл Талас шаарында жалпы 28,75 чакырым жолду асфальттоо иштери планга кирген.