Жаңылыктар

Талас шаарынын мэринин орун басары Эркин Аскаров жарандарды ар түрдүү маселелер боюнча кабыл алды.

19.02.2025  18:00     Кароолор (27)

Эске салсак, Талас шаарынын мэриясында жарандарды кабыл алуу белгиленген тартипте жүргүзүлөт: шейшемби күндөрү шаар мэри Байышбек Астанакулов, ал эми шаршемби күндөрү мэрдин орун басары Эркин Аскаров жарандарды кабыл алып, алардын кайрылууларын угат. Ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди жеке көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берүү менен алардын чечилишин көзөмөлдөйт.

Жарандарды кабыл алуу убактысы саат 09:00дөн 12:00гө чейин.