Талас шаарынын мэриясы 2024-2025-окуу жылында билим берүү тармагын жакшыртуу жана окуучулардын жетишкендиктерин арттыруу максатында бир катар иш-чараларды ишке ашырды. Бул иш-чараларда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл буруп, алардын билим алуусуна колдоо көрсөтүлдү.
Иш-чаралардын негизги багыттары:
• Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдык көрүү.
• Окуучулардын предметтик олимпиадаларга активдүү катышуусу камсыздоо жана даярдоо
• Окуучулардын билим деңгээлин эл аралык стандарттарга ылайык баалоо үчүн PISA-2025 программасына даярдоо
Бул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн 3 ай аралыгында 53 окуучунун сапаттуу билим алуусуна жалпы 397 500 сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүндү. Мындан тышкары, Салымбеков бизнес мектеби тарабынан дагы 90000 сом акча каражаты каржыланып, окуучуларды окутууга колдоо көрсөтүлдү.
Аталган иш-чаралар шаардагы билим берүүнүн сапатын жогорулатып, окуучулардын ЖРТде, предметтик олимпиадаларда жана эл аралык PISA-2025 программасында жогорку жетишкендиктерге жетүүсүнө өбөлгө түзөт.