8-сентябрда Талас шаарынын мэриясы тарабынан “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы боюнча шаар тургундарына маалымат берилди. Жолугушуу Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын жыйындар залында өттү.
Батирлер социалдык жана льготалык 4% менен баштапкы төлөмсүз, ошондой эле 8% баштапкы төлөмү менен берилет .
Бүгүнкү күндө Талас шаарында “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы аркылуу 319 батир курулууда.