Талас шаарынын мэриясына Ч.Сатаев көчөсүнүн №34 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн тургундары саркынды суу түтүктөрүнө байланыштуу көйгөй менен кайрылышкан.
Аталган кайрылуунун негизинде Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев тургундар менен жолугуп, маселени жеринен көрүп чыкты.
Жолугушууда саркынды суу түтүктөрүнө талапка ылайык кошулуу маселеси талкууланды. Натыйжада “Таза суу” ишканасы тарабынан оңдоо иштери жакында башталаары белгиленди.