22-октябрь Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 9 айлык жыйынтыктары жана 2024-2025-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча коллегиялык кеңешме болуп өттү.
Коллегиянын жүрүшүндө Талас шаарынын 2024-2026-жылдарга карата өнүктүрүү программасынын аткарылышы, камсыздандыруу маселелери, мекемелердеги арыздар жана кайрылуулардын кароо тартиби, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, салык жыйымдары, социалдык өнүгүү, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдыктар боюнча маселелер талкууланды.
Иш-чарага шаардагы бардык тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышып, алдыдагы пландар жана көйгөйлөр боюнча ой-пикирлерин билдиришти.
Жыйындын жыйынтыгында шаардын өнүгүү программасын ишке ашыруу, камсыздандыруу жана социалдык маселелер боюнча бир катар талкуулар жүргүзүлүп, тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилди. Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахроманович бардык жетекчилерди күз-кыш мезгилине өз убагында даярдануу жана жергиликтүү бюджеттин, салык жыйымдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча чараларды күчөтүүгө милдеттендирди.