Бүгүн, 30-июлда Талас шаарынын мэриясында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрүлдү. Отурумга Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айгүл Закирова, Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Жаныбеков, ошондой эле шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Коллегиянын күн тартибинде Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2026-жылдын 6 айына карата жыйынтыгы, мэриянын коллегиясынын курамына өзгөртүү киргизүү , ошондой эле калктын саламаттыгын сактоо жана тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу 3 маселе каралды.
Жыйындын жүрүшүндө жооптуу жетекчилер тарабынан баяндамалар жасалып, биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштерге талдоо жүргүзүлдү. Ошондой эле алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу милдеттер белгиленип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Жыйындын соңунда шаар мэри Нургазы Асылбеков жооптуу жетекчилерге жүктөлгөн милдеттерди өз убагында аткарууну камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.