18-августта, Талас шаарынын мэриясында күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) менен калкты жана экономка тармактарын камсыз кылуу маселеси боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга шаар аймагындагы КММ саткан ишкерлер жана тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Талкуу учурунда шаардагы күйүүчү майдын учурдагы абалы, аны жеткирүү жана сатуудагы көйгөйлөр, ошондой эле үзгүлтүктөрдүн алдын алуу боюнча маселелер каралды.