Жаңылыктар

Талас шаарынын мэриясынын №35 буйругунун негизинде шаар аймагындагы медреселерде текшерүү жана түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

28.01.2026  14:27     Кароолор (20)

Талас шаарынын мэриясынын №35 буйругунун негизинде шаар аймагындагы медреселерде текшерүү жана түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы медреселерди кыдырып, алардын ишмердүүлүгүнүн мыйзам талаптарына шайкештигин текшеришти.

Текшерүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугу талаптарынын сакталышы, окуу процессинин уюштурулушу, тамак-аштын коопсуздугу, ошондой эле окуучулардын укуктарын коргоо маселелери каралды. Мындан тышкары, документтердин жүргүзүлүшү, ички тартип эрежелери жана коопсуздук чаралары боюнча абал бааланды.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023–2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасынын алкагында түшүндүрүү иштери улантылды. Медреселердин жетекчилерине жана кызматкерлерине экстремисттик идеологиянын алдын алуу, мыйзам талаптарын сактоо жана жоопкерчилик маселелери боюнча кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү сунуштар жана эскертүүлөр берилди.