Талас шаарынын мэриясынын мурдагы аппарат жетекчиси Руслан Джеенбеков башка кызматка дайындалганына байланыштуу жаңы аппарат жетекчи болуп Окенов Эрмек Тѳлѳгѳнович дайындалды.
Эрмек Окенов 1989-жылы 6-июнда Бишкек шаарында тѳрѳлгѳн. Учурда үй-бүлөлүү. Билими жогорку: 2005-2008-жж. КЭУнун алдындагы соода техникуму; 2008-2012-жж. Академик Алышпаев атындагы кооперация институту; 2019-2023-жж К. Дикамбаев атындагы дипломатиялык академия (магистратура); 2024-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратура даражасында билим алууда.
Эрмек Окенов буга чейин бир катар жооптуу кызматтарды аркалап келген. Алсак 2021-2023-жж. аралыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин башкы адиси, 2023-2024-жж. КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк региондор аралык башкармалыгынын жетекчиси, 2024-жылдан 1-майдан тарта КР КМ караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы кызматын аркалаган.
Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалган Окенов Эрмек Тѳлѳгѳновичтин алдыдагы жооптуу иштерине зор ийгиликтерди каалап, жаңы кызмат орду менен куттуктайбыз! Аракетке бай иштерди жетектеп, жемиштүү иш алып баруусуна тилектешпиз!