Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТЫНЫН ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

07.12.2024  20:00     Кароолор (24)

 Бүгүн, 7-декабрда Талас шаарынын жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйыны өткөрүлдү. Жыйынды депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков алып барды. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйналыштарында шайланган 200 делегаттын ичинен 3 делегат шайланды. Алар 20-декабрда Бишкек шаарында өтө турчу үчүнчү Элдик курултайга катышат. 

Шаардык кеңештин төрагасы жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” Конституциялык мыйзамы жана ”Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу комитети жөнүндө” убактылуу жобосуна ылайык түшүндүрмөлөрдү берип, делегаттарды шайлоо эрежелерине токтолуп өттү.

Жыйындын регламентине ылайык Элдик Курултайдын делегаттыгына сунушталган талапкерлер ачык добуш менен шайланды.

Элдик Курултайга шайланган делегаттар:

1.Дуйшенбиев Нурсултан Илиясович-69

2.Шербакунов Алтынбек Оруналиевич-47

2.Жусупбеков Жантош Жолдошбекович-18.