Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНЫНА ЭМГЕГИ СИҢГЕН ИНСАНДАР СЫЙЛАНДЫ

11.10.2024  16:18     Кароолор (20)

Бүгүн, К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында шаардын өнүгүүсүнө ар тараптуу кошкон зор салымы үчүн ардактуу инсандарды сыйлоо аземи болуп өттү.

Шаардагы муниципалдык ишканалардын, спорт жана билим берүү борборлорунун өкүлдөрү

шаардын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн, Талас шаарынын 80 жылдык мааракесине карата медалдар менен сыйланышты.

Талас шаарынын мэри өз куттуктоо сөзүндө бул ардактуу инсандар шаардын жаркын келечеги үчүн зор эмгек сиңирип, шаардын өнүгүүсүнө маанилүү салым кошуп жатканын баса белгиледи.

Иш-чарага Талас шаарынын мэри, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, шаар тургундары, экс-мэрлер жана экс-төрагалар катышты.

Талас шаарынын тургундарын жана сыйлыкка ээ болгондорду чын жүрөктөн куттуктайбыз!.