Жаңылыктар

ТАЛАС ШИИБдин БАШЧЫСЫ БОЛУП МАРАТБЕК ШАЙБЕКОВ ДАЙЫНДАЛДЫ

13.11.2024  17:17     Кароолор (20)

ИИМдин буйругуна ылайык милициянын полковниги Шайбеков Маратбек Рыспекович Талас ШИИБдин башчысы кызматына дайындалды. Маратбек Шайбековду өздүк курамга Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады. Ал буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБдин башчысы кызматын аркалап келген.

Маратбек Шайбеков 1975-жылы туулган. 1996-жылы ИИМдин Академиясын аяктап, ыкчам кызматтарда жана бир нече милиция бөлүмдөрүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Ал эми Талас ШИИБдин мурдагы башчысы милициянын полковниги Муратов Медербек Стамалиевич ИИМдин Укуктук камсыздоо башкармалыгына которулду.

Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп жаңыдан дайындалган Шайбеков Маратбек Рыспековичтин алдыдагы жооптуу иштерине зор ийгиликтерди каалап, жаңы кызмат орду менен куттуктайбыз! Аракетке бай иштерди жетектеп, жемиштүү иш алып баруусуна тилектешпиз!