Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 19-декабрындагы “Калкты социалдык жактан камсыздандыруу мыйзамынын негиздери жөнүндөгү” №111 мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Талас шаарынын мэриясы муктаж үй-бүлөлөргө жыгач отун берүү максатында иш-чараларды улантууда.
Бул жолу майыптыгы бар, аз камсыз болгон жана жалгыз бой энелерге жалпы 52 үй-бүлөгө ар бирине 6 каптан шабыркүл көмүрү таратылды.
Мэрия тарабынан жүзөгө ашырылган бул жардам түрү шаардагы социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жылуу жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу үчүн көрсөтүлүүдө.