Жаңылыктар

ТАЛАСТА "МАНАС" ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

04.12.2024  17:48     Кароолор (36)

Бүгүн, 4-декабрь "Манас" эпосунун күнү Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде белгиленди.

Иш-чара Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси - акимдин орун басары Венера Мамбеталиева, Талас шаарынын жана Талас районунун мугалимдери, мектеп окуучулары катышты.

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун "Кыргыз элинин баа жеткис руханий байлыгы болгон Манас эпосунун үчилтигин ар тараптуу изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чараларды көрүү жөнүндө" №126 Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлгөн "Урааным Манас" кароо-сынагынан "Манас айтуу" жана "Дастан айтуу" боюнча алдынкы орундарга татыган 5 окуучуга "Манас" эпосун даңазалоого кошкон салымдары үчүн Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов тарабынан мактоо баракчалары жана жеке ишкер Жумабүбү Эшеналиева тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле, кароо-сынакты өткөрүүгө көмөк көрсөткөн мекеме-уюмдардын жетекчилерине, мектеп директорлоруна жана мугалимдерге "Манас" театрынын ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Иш-чара мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа жана театрлаштырылган спектакль менен коштолду. Буга кошумча Манас күнүнө карата Талас шаарындагы Э.Абилдаев атындагы №19 мектепке чейинки билим берүү мекемеде жана №90 кесиптик лицейде иш-чаралар белгиленди.

Белгилей кетсек, бул күн 1995-жылы ЮНЕСКОнун колдоосу менен өткөрүлгөн "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесинин алкагында белгилене баштаган. "Манас" эпосу – кыргыз элинин руханий мурасынын ажырагыс бөлүгү, дүйнөлүк адабияттагы эң чоң эпикалык чыгармалардын бири.