Жаңылыктар

Таласта “Айымдарды өнүктүрүү борбору” ачылды

04.04.2025  12:28     Кароолор (18)

Талас шаарында элеттеги айымдардын ишкерликке болгон кызыгуусун колдоо максатында “Айымдарды өнүктүрүү борбору” ачылды. Бул борбор жумушсуз айымдарды ар тараптан колдоп, кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Борбордун ачылыш аземине облус башчысынын орун басары М. Сейдикеримова, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жана жеке ишкерлер катышты. Борбор жеке ишкер Нурзат Өмүрканованын демилгеси менен ачылып, айымдарга акысыз маалымат жана колдоо көрсөтөт.

Белгилей кетсек, мындай борбор жакында Ысык-Көл облусунда да иштей баштаган.