Талас шаарында 11-октябрда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Талас облусундагы «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Жумабеков жана Марат Мураталиев катышышты.
Бул заманбап мектеп Талас облусундагы жаштардын инженердик жана техникалык билимдерин максатында өткөрүлдү. Жаңы имарат заманбап окутуу шарттарын түзүп, балдардын чыгармачылык жана илимий потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.