Жаңылыктар

Таласта Англияга сезондук миграцияга баруунун жол жобосу боюнча маалыматтык акция өткөрүлдү

29.01.2026  15:11     Кароолор (4)

“Балдардын укугун коргоо лигасы” , эл аралык миграция уюмунун колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Аман Токтогулов атындагы облустук китепканада “Улуу Британиядагы сезондук эмгек: алдамчылыктан кантип сактануу керек?” аттуу маалыматтык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык адистер, миграция кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле чет өлкөгө сезондук жумушка кетүүгө кызыкдар болгон жарандар катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова сөз сүйлөп, облус аймагында ишканалар ачылып, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканына карабастан, миграция агымы азайбай жатканын белгиледи. Ал чет өлкөгө иштөөгө кетүүнү каалаган жарандар маалыматты алдын ала тактап, жоопкерчилик менен чечим кабыл алуусу зарыл экенин баса белгиледи.

Маалыматтык акциянын алкагында фасилитатор Гулсана Керимбекова иш-чаранын негизги максаты – потенциалдуу мигранттарга так жана ишенимдүү маалымат берүү, алдамчылыктын алдын алуу жана чет өлкөдө эмгектенип, мекенине коопсуз кайтып келүүсүнө шарт түзүү экенин билдирди. Катышуучулар Улуу Британиядагы сезондук жумуштар боюнча кеңири суроо-жооп жүргүзүштү.

Мындан тышкары Англияда узак жылдар иштеп келген жаран Абай Качкынов сезондук жумуштун шарттары тууралуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, ал жактагы эмгек оор экенин, узак убакыт иштөөгө жана физикалык жактан даяр болуу талап кылынарын айтты. Ошондой эле миграцияга кетүүнү пландаган жарандар психологиялык жактан да даяр болушу керектигин белгиледи.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар миграция багытындагы практикалык инструменттер – чат-боттор жана конкреттүү кейстер менен иш алып барышты.