Жаңылыктар

Таласта аттракциондорду орнотуу иши уланууда

09.10.2025  11:34     Кароолор (27)

Талас шаарындагы борбордук сейил бакта 8 даана жаӊы аттракциондор орнотулууда. Долбоордун жалпы наркы 150 миллион сомду түзөт.

Аттракциондорду орнотуу иши ушул жылдын ноябрь айынын аягына чейин толук бүтөт. 2026-жылдын жаз мезгилинде көрктөндүрүү, айланасын оӊдоп-түзөө ж.б жумуштар аткарылып, 31-августта ишке киргизилет. Бул боюнча Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Кубан Жыргалбаев пресс-турда билдиришти.

Долбоор шаар тургундарынын жана конокторунун көӊүл ачуусуна ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылууда. Аттракциондорду жергиликтүү бийлик Кытайдан алып келген.