Жаңылыктар

Таласта аялдар үчүн ипотекалык программа боюнча маалыматтык иш-чара өтөт

16.09.2026  10:09     Кароолор (75)

17-сентябрда саат 11:00дө Талас шаарындагы А. Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде аялдар үчүн ипотекалык программа боюнча маалыматтык иш-чара өтөт.

Иш-чарада “Аялдар ипотекасы” программасынын шарттары, ипотекалык насыя алуу талаптары, турак жайга коюлган талаптар жана программага катышуу тартиби тууралуу маалымат берилет.

Ошондой эле катышуучулар насыянын мөөнөтү, пайыздык чендери жана ипотека алуу үчүн керектүү документтер боюнча суроолоруна жооп ала алышат.