Талас шаарында “Наркыбызды бийик сактаган, ийгиликтин ээлери” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Иш-чара көркөм сүрөт музейинин демилгеси жана Талас шаардык мэриясынын колдоосу менен уюштурулуп, коомдун ар кыл тармактарында эмгектенип, ийгиликтерди жаратып келген аялзатынын орду жана салымы даңазаланды.
Көргөзмөгө шаар тургундары, маданият кызматкерлери жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Көргөзмөдө аялдардын эмгеги, жашоодогу орду жана коомго кошкон салымы чагылдырылды.