Жаңылыктар

Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр берилди

26.09.2025  11:10     Кароолор (26)

Талас шаардык мэриясы жана шаардык кеңеши тарабынан социалдык колдоого муктаж жарандарга кышка карата көмүр берилди . Жалпы 17,5 тонна көмүр 43 аз камсыз болгон үй-бүлөгө таратылды.

Айрым жарандар көмүрдү өздөрү алып кетишти. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө муниципалдык ишканалардын кызматкерлери тарабынан көмүр түз үйлөрүнө чейин жеткирип берилди.

Белгилей кетсек, бул жардам Талас шаарындагы аярлуу үй бүлөлөрдү камкордукка алып, кышка болгон даярдыктарына көмөктөшүү максатында ишке ашырылды.