1-сентябрда Талас шаарындагы №8 мектепте жаңы окуу жылына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Талас шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышышты.
Быйылкы жылы Талас шаарында жалпы 1472 бала 1–2-класска барса, алардын ичинен №8 мектепке 49 окуучу кабыл алынды.
Мугалимдер менен коноктор жаш жеткинчектерди билим жолуна узатып, окуудагы ийгиликтерди каалашты.