Бүгүн, 23-апрель - Эл аралык китеп жана автордук укук күнүнө карата Талас шаарында маданий иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык программа К.Нуржанов атындагы аллеяда уюштурулуп, китепке болгон көңүл бурууну максат кылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, мугалимдер, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аман Токтогулов атындагы облустук китепкана тарабынан уюштурулган китеп көргөзмөсүндө окурмандар ар түрдүү адабияттар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата георгиев тасмасы жана гвоздика гүлдөрү таратылды.
Маданий бөлүктө театр артисттери жана “Баластан” борборунун балдары чыгармачыл номерлерин тартуулашты.
Иш-чаранын негизги максаты – китеп окууга кызыгууну арттыруу жана окурман маданиятын колдоо болуп саналат.