Бүгүн, 19-мартта Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында майрамдык иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо максатында гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас ОИИБнин башчысы Бактыбек Нарчаев жана Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков катышты.
Саптык кароонун жүрүшүндө майрам күндөрү коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле өздүк курамдын даярдыгы текшерилип, кызматтык автоунаалар саптык жүрүштөн өткөрүлдү.