Жаңылыктар

Таласта карылар күнү белгиленди

01.10.2025  11:23     Кароолор (24)

1-октябрда карылар күнүнө карата Талас шаарындагы Ала-Тоо ресторанында 200 гө жакын улгайган курактагы адамдарга майрамдык сый көрсөтүлдү. Иш-чараны КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен «Альянс Алтын» компаниясы биргеликте уюштурду.

Майрамдык салтанатта облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова, «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлү Болот Өмүралиев, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев карыларды куттуктап, алардын коомдогу оордун белгилеп, бекем ден соолук жана бакубат турмуш каалашты.

Мындан тышкары маданият кызматкерлери даярдаган концерттик программа улгайган адамдарга майрамдык маанай тартуулады.