Талас шаарында «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорду» (КДУД) ишке ашыруу алкагында тегерек стол болуп өттү. Иш-чарада долбоордун максаттары, мүмкүнчүлүктөрү жана жергиликтүү деңгээлде ишке ашырылышы талкууланды.
КДУД – Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан координацияланып, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан ири масштабдуу программа. Долбоордун жалпы бюджети 27 миллион АКШ долларын түзөт, анын 25 миллиону дүйнөлүк банк тарабынан, ал эми 2 миллиону «Эрте билим берүү боюнча өнөктөштүк» фондунун гранты менен каржыланган.
Долбоордун негизги максаты — климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана айылдык коомчулуктарда аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Тегерек столго КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси, акимдер, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары, министрликтердин аймактык өкүлдөрү жана бизнес өкүлдөрү катышты.
Аталган долбоор Талас облусу боюнча 4 айыл аймакка багытталууда, алар: Кең-Кол, Акназаров , Шекер жана Үч-Коргон айыл аймагы. Долбоор аталган аймактардагы демилгелерди ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөтөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө КДУД долбоору аймактык өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө жана калктын, өзгөчө аялдар менен жаштардын активдүүлүгүн арттырууда маанилүү роль ойной турганы белгиленди.