30-июнда Талас шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен Талас шаардык мэриясынын жыйындар залында коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшү боюнча координациялык кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешмеге Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, Талас шаарынын прокурору Жылдызбек Разыбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында кызматкерлер арасындагы коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана кызматтык милдеттерди ак ниет аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
Ошондой эле Талас шаарынын аймагында тротуарларды, лотокторду жана жол куруу боюнча жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугу каралып, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана ачык айкындуулукту камсыз кылуу боюнча пикир алмашуу болду.