Талас шаарында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында түшүндүрүү иштери жана көмүр базаларына мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чарага Талас шаарынын мэриясынын, Энергетикалык көзөмөл кызматынын, Экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын, ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү катышты.
Учурда шаар калкын көмүр менен камсыз кылуу үчүн 6 көмүр база иштеп жатат. Анда Кара-Кече, Кара-Жыра, Шабыркүл, Ак-Улак жана Беш-Сары көмүрлөрү сатылууда.
Мониторингдин жүрүшүндө көмүрдүн наркы түзүлгөн келишимдерге ылайык сакталып, баалар көтөрүлбөгөнү аныкталды.
Мындан тышкары, отканалардын даярдыгы, жылытуу жабдууларын коопсуз пайдалануу жана абанын булганышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Талас шаарынын мэриясы