Жаңылыктар

ТАЛАСТА КЫЛМЫШТУУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА 2 АЙЛЫК АКЦИЯ СТАРТ АЛДЫ

22.11.2024  15:00     Кароолор (12)

2024-жылдын 22-ноябрында, Талас шаарынын мэриясынын жыйын залында мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлүп, укук бузуулардын алдын алуу боюнча 2024-2025-жылдарга карата иш-пландар талкууланды.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу концепциясынын жана ИИМдин талаптарынын негизинде ишке ашырылууда.

Жолугушууда жаш өспүрүмдөрдүн түнкү убакытта жүрүүсүн көзөмөлдөө жана эмгекке мыйзамсыз тартылуусунун алдын алуу боюнча рейддерди уюштуруу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, Талас шаарынын ички иштер бөлүмү жарандарды алдамчылык фактыларынан сак болууга чакырган баракчаларды таратып, алдын алуу иш-чараларын күчөттү.

Акция 2024-жылдын 20-ноябрынан 2025-жылдын 20-январына чейин уланат жана облус аймагында кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.