Жаңылыктар

ТАЛАСТА МААЛЫМАТ ЖАНА БАСМА СӨЗ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

06.11.2024  20:30     Кароолор (24)

6-ноябрда, Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Маалымат жана басма сөз күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө тажрыйбалуу журналисттер алдын ала берилген темалар боюнча баяндама жасап, өз ойлорун жана сунуштарын айтышты. Иш-чара Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас шаарынын мэриясы жана Жер үй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан биргеликте уюштурулду.

Майрамга ардагер журналисттер да чакырылып, алардын эмгеги жогору бааланды. Ардагерлер өкүлчүлүктүн жана мэриянын медалдары, ардак грамоталары менен сыйланышып, иш-чаранын сыйлуу коноктору болушту.

Ошондой эле, Талас облусунун жана Талас шаарынын өнүгүүсүнө, эл менен бийликтин ортосундагы түз байланыштын чыңдалышына зор салым кошкон журналисттерге ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Иш-чаранын аягында катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, журналисттердин эмгеги дагы бир жолу жогору бааланып, алардын орду маанилүү экени белгиленди.