Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди. Иш-чарага шаардын маданият тармагында эмгектенген кызматкерлер катышты.
Майрамдык иш-чарада Талас шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Гулмира Орозалиева сүйлөп, маданият тармагында эмгектенген кызматкерлердин коомдогу ордун жана салымын жогору баалап, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.