23-сентябрь күнү К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Эне тилим сыймыгым” аталышындагы облустук иш-чара болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чараны Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов ачып, өзүнүн куттуктоо сөзүндө кыргыз тилинин баалуулугун, аны урматтап, келечек муунга өткөрүп берүү ар бир атуулдун милдети экенин баса белгиледи. Ал мамлекеттик тилдин өнүгүүсү жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүдө биримдик жана тынымсыз аракет талап кылынырын да кошумчалады.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Талас райондук жана шаардык билим берүү борборунун жетекчиси Турдубек Момоконов, ошондой эле мекеме-уюмдардын кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар жана шаар тургундары катышты.
Майрамдык салтанат Эл аспаптар ансамблинин аткаруусундагы күүлөр жана ыр-бийлер менен коштолгон концерттик программа менен жыйынтыкталды.