Талас шаарындагы Раиса Рысакова атындагы №2 мектепте жана №15 «Ак-Бешик» балдар бакчасында Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Бул майрам КР Конституциясынын мыйзамдарына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын атайын буйругунун негизинде уюштурулду.
Иш чарага Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев катышты. Окуучулар жана тарбиялануучулар кыргыз тилин даңазалаган ырларды, улуттук бийлерди жана көркөм чыгармаларды тартуулап, мамлекеттик тилдин коомдогу ордун жана маанисин баса белгилешти.
Майрамдын максаты — жаш муунду улуттук баалуулуктарды урматтоого, мамлекеттик тилди сүйүүгө жана өркүндөтүүгө тарбиялоо.