Жаңылыктар

Таласта мектеп жетекчилери үчүн санариптик билим берүү боюнча окутуу өттү

27.06.2025  12:40     Кароолор (5)

2025-жылдын 27-июнунда Талас шаарында мектеп жетекчилери үчүн санариптик билим берүү платформаларын пайдалануу боюнча окутуу семинары өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен уюштурулуп, Талас облусундагы бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камтыды.

Семинар А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин жыйындар залында өткөрүлдү. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору жана окуу-тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары катышты.

Окутуунун негизги максаты – билим берүү процессинде санариптик технологияларды кеңири колдонуу, мугалимдер менен мектеп жетекчилеринин кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу жана заманбап билим берүү платформаларын иш жүзүндө пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга санариптик билим берүү инструменттери, онлайн платформалар жана алардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле практикалык бөлүктө катышуучулар заманбап платформалар менен иштөө ыкмаларын өздөштүрүштү.

Иш-чара соңунда билим берүү мекемелеринде санариптик чечимдерди киргизүү боюнча сунуштар берилди жана жетекчилердин суроолоруна жооптор сунушталды.