Бүгүн, Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында Талас шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Анын жүрүшүндө Талас шаарынын жана районунун билим берүү бөлүмдөрүнүн, жогорку жана орто окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин кызматкерлери катышты, ошондой эле мугалимдерге ардак грамоталар жана төш белгилер тапшырылды.
Талас шаарынын
мэриясынын 2024-жылдын 26-сентябрындагы №14 протоколунун чечиминин негизинде, шаардагы билим берүү тармагында иштеген 30 мугалимге ардак грамоталар ыйгарылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Борош Жанузаков атындагы мектеп жамааты мугалимдерге жана конокторго атайын концерттик программа тартуулашты.